Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
1-КЛАССКА ЭЛЕКТРОНДУК КАТТООНУН БҮТҮШҮНӨ БИР АЙ КАЛДЫ! 30-ИЮЛГА КАРАТА 110 МИҢ 81 БАЛА КАБЫЛ АЛЫНДЫ

Көрүлдү: 982

Мектепке жана бала бакчага балдарды кабыл алуу боюнча маалыматтык системасы аркылуу 2023-жылдын 10-апрелинен 30-июлуна чейин мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына 110 миң 81 бала кабыл алынды. Анын ичинен 2 миң 440 бала жеңилдик менен кабыл алынды.

post.title

Бул мамлекеттик жана муниципалдык мектептердеги жалпы бөлүнгөн квотанын 59% түзөт. Дагы 75 миң 965 бош орун бар.

Бишкек шаарында 79% орунга окуучулар катталды, Ош шаарында – 55%, Баткен облусунда – 64%, Жалал-Абад облусунда– 56%, Нарын облусунда – 66%, Ош облусунда – 52%, Талас облусунда – 64%, Чүй облусунда – 56%, Ысык-Көл облусунда – 57%.

Бишкек шаарында – 16 миң 376 бала (анын ичинен 681 бала жеңилдик менен) кабыл алынды.

Жалал-Абад облусунда – 20 миң 416 (анын 412си жеңилдик менен)

Чүй облусунда – 17 миң 173 (анын 347си жеңилдик менен)

Ош облусунда – 21 миң 70 (анын 313ү жеңилдик менен)

Ысык-Көл облусунда – 8 миң 531 (анын 111и жеңилдик менен)

Баткен облусунда – 10 миң 723 (анын 205и жеңилдик менен)

Талас облусунда – 4 миң 631 (анын 93ү жеңилдик менен)

Нарын облусунда – 4 миң 973 (анын 80и жеңилдик менен)

Ош шаарында – 6 миң 188 (анын 198и жеңилдик менен)

Эскерте кетсек, балдардын жалпы орто билим алууга бирдей укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуу, ошондой эле баланы 1-класска кабыл алууда коррупциялык схемаларды кыскартуу максатында «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарына балдарды электрондук каттоо» автоматташтырылган маалыматтык системасы иштелип чыккан.

Мектепке электрондук каттоонун I этабы 2023-жылдын 10-апрелинен 26-июнуна чейин болсо, II этап 26-июндан 31-августка чейин жүргүзүлөт. 

Биринчи класска электрондук каттоо үчүн сайт - https://mektep.edu.gov.kg/

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар