Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ЖОЖдорго ТАПШЫРУУ ҮЧҮН БОСОГО УПАЙ ЖАРЫЯЛАНДЫ

Көрүлдү: 2926

Билим берүү жана илим министрлигинин 2023-2024-окуу жылында жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуудагы босого балл боюнча буйругу бекиди.

post.title

Ага ылайык, жогорку окуу жайларга гранттык негизде жана келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тесттин босого баллы жылдагыдай эле 110, предметтик тесттердин босого баллы 60 бойдон калтырылды.

Ал эми педагогика багыттары боюнча бюджеттик орунга тапшыра тургандар үчүн негизги тесттин босого баллы - 115, предметтик тест - 60 болуп бекиди.

Педагогика багыттарына келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тест боюнча – 110, предметтик тест – 60 балл.

I жана II топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды кабыл алуу үчүн (медициналык жана фармацевтикалык адистиктерден тышкары) бюджеттик орундарга негизги тест -105, келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тест -100 балл болуп бекитилди.

Эскерте кетсек, жогорку окуу жайлардын кабыл алуу жана гранттык комиссиялары мамлекеттик билим берүү грантын алуу конкурсуна, ошондой эле келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларынын конкурсуна босого баллдан жогорку же бирдей балл алган абитуриенттерге гана катышууга уруксат берет.

Буйрук

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар