Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
“АЛАБУГА ПОЛИТЕХ” КОЛЛЕДЖИ МЕНЕН ИЙГИЛИКТҮҮ КЫЗМАТТАШТЫК

Көрүлдү: 500

Бүгүн, 5-июлда билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев “Алабуга” өнөр жай-өндүрүштүк тибиндеги өзгөчө экономикалык аймагы” Акционердик коомунун алдындагы “Алабуга Политех” колледжинин өкүлдөрү менен биргелешкен иштин жыйынтыктарын жана кызматташуунун келечегин талкуулады.

post.title

Жолугушууга “Алабуга Политех” колледжинин КМШ өлкөлөрү менен өз ара аракеттенүү башкармалыгынын жетекчиси Айрат Кавиев жана КМШ менен өз ара аракеттенүү башкармалыгынын долбоор жетекчиси Евгений Белов катышты.

Министр Каныбек Иманалиев Кыргызстанда “Алабуга Политех” колледжинин базасын түзүүнү сунуштап, анда лицей, коллеждин мугалимдери үчүн квалификацияны жогорулатуу жана кайра даярдоо курстарын уюштурууга болорун айтты.

“Алабуга” өнөр жай-өндүрүштүк тибиндеги өзгөчө экономикалык аймагы” Акционердик коому кыска аралыкта жогорку жыйынтыктарды көрсөтө алган биздин ишенимдүү өнөктөштөрүбүздүн бири. Алсак, быйыл май-июнь айларында Татарстанга квалификация жогорулатуу программасы боюнча окутууга Кыргызстандан 116 мектеп жетекчиси барып келди. Алар бизге окутуу жогорку деңгээлде жүргүзүлгөндүгүн жана абдан жаккандыгын айтышты. Эгерде кыргыз-орус биргелешкен политехникалык колледжин түзө алсак, Татарстанга окутууга бара албаган мугалимдерге бул жактан окууга жакшы мүмкүнчүлүк болот”, - деди министр.

Ошондой эле министр ушул жылдын август айында Кыргызстандан 5 педагогикалык колледждин жана 10 башталгыч кесиптик лицейдин директору “Алабуга Политех” колледжинин ишмердүүлүгү менен таанышуу жана окутуудан өтүү үчүн бара тургандыгын билдирди.

 “Алабуга Политех” колледжинин өкүлдөрү 2023-жылдын 1-сентябрынан баштап “Business Cats” (hr.alabuga.ru) тармагынын экономикалык стратегиясынын негизинде ишкердиктин негиздери, финансылык сабаттуулук боюнча кошумча программаны сабактан тышкаркы убакытта уюштурууну сунуштап, кыргызстандык мугалимдер абдан жоопкерчиликтүү, активдүү болорун белгилешти.

Каныбек Иманалиев жемиштүү кызматташтыгы үчүн Айрат Кавиев менен Евгений Беловго министрликтин ыраазычылык каттарын тапшырды.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар