Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
2023-ЖЫЛЫ ЖРТнын ОРТОЧО МААНИСИ – 121,8 УПАЙ

Көрүлдү: 1140

2023-жылы Жалпы республикалык тесттин жыйынтыгы боюнча 29 миң 799 адам же катышуучулардын 58,3% 110 баллдан жогору алды.

post.title

Жалпы республикалык тестке 51 миң 73 адам катышты. 

Бул жылы ЖРТнын максималдуу көрсөткүчү – 236 упай, эң азы – 29 упай, орточо – 121,8 упай.

Тест упайларынын орточо мааниси боюнча жогорку көрсөткүч:

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынан катышуучулардыкы – 122,9 упай;
Бишкек шаарынын Биринчи май району – 140,6 упай;
Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаары – 127,8 упай;
Ысык-Көл облусунун Каракол шаары – 132,7 упай;
Нарын облусунун Нарын шаары – 124,3 упай;
Ош шаары – 127,8 упай;
Ош облусунун Кара-Кулжа району – 120,9 упай;
Талас облусунун Талас шаары – 131,6 упай;
Чүй облусунун Токмок шаары – 131,1 упай.

Тест упайларынын максималдуу мааниси боюнча жогорку көрсөткүч:

Баткен облусунун Кызыл -Кыя шаары – 225 упай;

Бишкек шаарынын Биринчи май району – 236 упай;

Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаары – 226 упай;

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл району – 232;
Нарын облусунун Ат-Башы району – 226 упай;
Ош шаары – 236 упай;
Ош облусунун Кара-Суу району – 223 упай;
Талас облусунун Талас шаары – 224 упай;
Чүй облусунун Жайыл району – 230 упай.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар