Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
КОЛЛЕДЖ ЭМЕРЕК ЖАСООГО БУЮРТМА АЛДЫ ЖАНА КИРЕШЕ ТАБА БАШТАЙТ

Көрүлдү: 1618

Бишкек архитектура, менеджмент жана курулуш колледжинин бүтүрүүчүлөрү окуу-өндүрүштүк комплексиндеги заманбап жабдууларда өз дипломдук ишин жактады.

post.title

Колледждин директору Максат Дүйшөбаевдин айтымында, окуу-өндүрүштүк комплексинде студенттер практикадан өтүп гана тим болбостон, буюртмаларды алып, киреше табуу мүмкүнчүлүгү каралган:

Окуу-өндүрүштүк комплексиндеги жабдуулар менен жыгачтан түрлүү эмеректерди жасоого болот. Башкача айтканда, комплексти толук кандуу чакан цех деп атасак болот. Быйыл биринчи жолу студенттер Мамлекеттик аттестациялык комиссиянын көз алдында окуу парталарын жасап, дипломдук ишин жактады. Ошондой эле биз кардарлардан буюртма алдык, жакында киреше алып баштайбыз».

Жыгач иштетүүнүн технологиясы, дизайны жана эмеректерди конструкциялоо” адистиги боюнча билим алган 10 студент аталган комплексте эмерек жасап, дипломдук ишин жактаган алгачкы студенттер.

Бул студенттердин арасындагы жалгыз бийкеч Аделина Айтбекова дизайнер болуп иштегени жатат:

“Бул адистик боюнча иш табуу оңой. Анткени биз эмерек жасоочу гана эмес, ошол эле убакта технолог жана дизайнер болуп иштей алабыз. Башкача айтканда, үч адистин ишин бир адам аткара алат. Анын үстүнө, окуу-өндүрүш комплексиндеги жабдуулар менен иштөөнү билгенибиз эмгек рыногундагы башка адистерге караганда бизге бир топ артыкчылык берет”.

Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Азия Өнүктүрүү Банкынын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында 8 колледжде окуу-өндүрүштүк комплекстер курулуп, окуу жайлардын имараттары реконструкцияланып, жалпы аянты 40 миң чарчы метрден ашык болгон аудиториялар, лабораториялар, окутуучулардын кабинеттери, ашканалар, жатаканалар, дааратканалар, эс алуу жайлары  оңдолду.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар