Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
АНГЛИС ТИЛИ МУГАЛИМДЕРИ КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТАТ

Көрүлдү: 1050

2023- жылдын 3-июлунда Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунундагы Кош-Көл айылында №85 кесиптик лицейдин базасында англис тили мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу курсу өз ишин баштайт.

post.title

Аталган долбоор Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Англия Экзаминейшнс билим берүү мекемеси менен биргеликте ишке ашырылууда.

Долбоор боюнча Кыргыз Республикасынын мектептеринде англис тили мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу жана окутуунун жаңы ыкмасын үйрөтүү максатында сынак жарыяланган.

316 мектеп сынакка катышууга даярдыгын билдирди.

Мугалимдер даярдыктан өткөн соң, 5 жылга эсептелген долбоор боюнча үч тараптуу келишимге кол коюлат.

Сынактын жеңүүчүлөрү Улуу Британияга жолдомо, ноутбук жана башка баалуу сыйлыктарды утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Сынактын эрежеси боюнча жеңүүчү катары мектептин директоруна, мугалимге, окуучуларга жана мектептин өзүнө дагы сыйлыктар каралат.

Окууга катышып жаткан мугалимдерге жатакананы – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, ал эми окутууну “Англия Экзаминейшнс” билим берүү мекемеси акысыз уюштурууда. 

Учурда долбоорго катышууну каалаган мугалимдердин саны 400гө жакын. Окутуу 5 агымда уюштурулат. Мындан тышкары 6-7 агым боюнча жогорку окуу жайларынын окутуучулары кабыл алынууда.

Долбоордун алкагында 2023-жылдын июль-август айларында 1000 ашуун англис тилинен сабак берген мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу пландаштырылууда. Ал эми Ысык-Көлгө бара албай турган мугалимдерди онлайн окутуу мерчемделүүдө.

 

Катышуу боюнча кошумча маалыматты 0558322228 (Бакай) номеринен алсаңыз болот. 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар