Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ЫСЫК-КӨЛДӨ “МЕНИН МЕКЕНИМ – КЫРГЫЗСТАН” АТТУУ БАЛДАРДЫН ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ФЕСТИВАЛЫ ӨТҮҮДӨ

Көрүлдү: 854

Көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгиндеги “Солнышко” эс алуу жайында 2023-жылдын 26-июнунан 2-июлга чейин “Менин мекеним - Кыргызстан” аттуу балдардын XV чыгармачылык фестивалы өтөт. Маданий иш-чарага Кыргызстандын бардык аймактарынан таланттуу окуучулар катышат.

post.title

Фестивалдын максаты – жалпы билим берүү уюмдарынын жана мектептен тышкаркы кошумча билим берүү мекемелеринин тарбиялануучуларынын, жаш жеткинчектердин жана өспүрүмдөрдүн жарандык-патриоттук тарбиясын жогорулатуу, маданий-эстетикалык табитке, улуттук асыл-нарктарга сугарылган муунду өстүрүү, балдардын аң-сезимине сергек, дени сак жашоо образын сиңирүү, адеп-ахлакка тарбиялоо, өз тилин, дилин, руханий дөөлөттөрүн, улуттук баалуулуктарын арттыруу, дүйнө элдеринин бий-ырлары аркылуу башка элдердин маданиятын тааныштыруу, улуттар аралык маданий кызматташтыкты чыңдоо.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө», ошондой эле "Улуттук нарк жөнүндө" Жарлыгын, “Кыргыз жараны" концепциясын ишке ашыруу алкагында өтүүдө.

Фестиваль ар күнү эртең менен катышуучулардын флешмобу менен башталат. Таланттуу балдардын концерттик программасынан тышкары, күн сайын ден-соолукту чыңдоо жана маданий-массалык иш-чаралар өтөт. Мисалга балдар үчун теплоход менен Ысык-Көлдү айлануу, “Рух Ордо” тарыхый комплексине саякат,  “Кумдан жасалган элестер”, "Көңүлдүү старттар" сыяктуу көл жээгиндеги сынактары каралган.

Иш-чара Билим берүү жана илим министрлиги жана Балдардын жана өспүрүмдөрдүн "Сейтек" улуттук борбору менен биргеликте өткөрүлүүдө.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар