Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИНИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ИЗРАИЛДИН ТАЖРЫЙБАСЫН ҮЙРӨНҮҮДӨ

Көрүлдү: 1059

25 - июнда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, министрликтин башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүльнура Мамырова баштаган кыргыз делегациясы ORT Israel - ири билим берүү тармагы башкармалыгына барышты.

post.title

Кыргыз делегациясынын иш сапары кесиптик даярдоонун технологиялык билим берүү моделин изилдөө үчүн уюштурулган.

Министрдин орун басары Расул Абазбек уулу Кыргыз Республикасынын Билим берүү системасы жөнүндө презентация жасады.

Ошондой эле актуалдуу кесиптер боюнча окутуу жаатында эки ведомствонун кызматташуусу тууралуу маалымат берилди.

Ort Colleges маркетинг боюнча директору Нава Римберг жана колледждин администрациясынын кесиптик мазмуну боюнча директору Шахар Ависид кыргыз делегациясына Ort Collegesтин иш берүүчүлөрдүн конкреттүү муктаждыктарына ылайыкташтырылган жеке кесиптик курстарды иштеп чыгуу жөндөмдүүлүгүн көрсөтүштү.

ОRT бүтүрүүчүлөргө алдыңкы технологиялык билим берүү жана окутуу, алардын жогорку технологиялык индустрияга интеграцияланышына көмөк көрсөтүүдө маанилүү ролду ойнойт.

Министрликтин кызматкерлери Кыргызстанда кесиптик даярдыктын деңгээлин жогорулатуу жана бүтүрүүчүлөргө эл аралык рынокко чыгууга мүмкүндүк бере турган сапаттуу билим берүү шарттарын түзүү ниетин билдиришти.

Кыргызстан кесиптик-техникалык билим берүү тармагында пайдалуу тажрыйба алууга кызыкдар болгондуктан, бул сапар эки өлкө ортосунда идеялар жана билимди менен алмашуунун башталышы болду. 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар