Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БИЛИМ БЕРҮҮ БӨЛҮМДӨРҮНҮН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ ЖАНА МЕТОДИСТТЕРИ БИЛИМ БЕРҮҮ САПАТЫН ЖОГОРУЛАТУУНУ ТАЛКУУЛАДЫ

Көрүлдү: 1147

25-июнда райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жана окуу-усулдук кабинеттеринин жетекчилери үчүн «Мектептеги билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн жергиликтүү билим берүү бөлүмдөрүнүн усулдук ишин уюштуруу» аталыштагы республикалык форум өз ишин баштады.

post.title

Форумдун ачылышында билим берүү министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева мектеп окуучуларынын функционалдык жана маалыматтык сабаттуулугун жогорулатуу, STEM билим берүүнү, тарбиялык иштерди күчөтүү артыкчылыктуу экендигин белгиледи.

Форумдун максаты – 2023-2024-окуу жылына карата иш планын иштеп чыгуу, милдеттерди макулдашуу жана билим берүү тармагынын үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле мугалимдердин жумуш ордунда усулдук колдоону уюштуруу болуп саналат.

Форумда Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Назира Дюшеева мектептик билим берүүнүн мамлекеттик жана предметтик стандарттарынын жаңылануусу менен тааныштырды.

USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору форумдун катышуучулары менен усулдук иштин натыйжалуу тажрыйбасын талкуулап, сабак учурунда окуучулардын көндүмдөрүн жана мугалимдик ишмердүүлүктүү баалоо үчүн электрондук тиркемелерди иш-жүзүндө көрсөттү.

Форумдун жыйынтыгында деталдуу план түзүлүп, усулдук иштердин ченемдик-укуктук базасын кайра карап чыгуу жана мугалимдердин кесипкөйлүгүн жогорулатууну колдоо боюнча жумушчу топ түзүлөт.

Форум USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору жана USDA МакГоверн-Доулдун «Билим берүү үчүн азык-түлүк жана балдарды азыктандыруу» программанын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан өткөрүлүүдө.

Форум Ысык-Көлдө өтүүдө жана 27-июнга чейин уланат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар