Көрүлдү: 909
26-июнда Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Улуттук аккредитациялык кеңештин отурумун өткөрдү.
Отурумда аккредитациялык агенттиктердин 2022-жылдагы ишинин отчеттору угулуп, алардын ишине жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы каралды.
Отурумдун катышуучулары мониторингдин жыйынтыгын талкуулап, аккредитациялык агенттиктерге жана окуу жайларга бир катар сунуштар берилди.
Министр Каныбек Иманалиев Аккредитациялоо секторуна аккредитациялоонун укуктук ченемдик актыларын бардык кызыкдар тараптардын катышуусу менен мезгил талабына ылайык кайрадан иштеп чыгууну тапшырды.