Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БИРИНЧИ КЛАССКА ЭЛЕКТРОНДУК КАТТООНУН ЭКИНЧИ ЭТАБЫ БАШТАЛДЫ

Көрүлдү: 1674

Бүгүн, 26-июнда мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына электрондук каттоонун экинчи этабы башталды.

post.title

II этапта жашаган дарегине карабай 26-июндан 31-августка чейин каттоого турууга болот.

Биринчи этап – юридикалык жашаган жери боюнча 10-апрелден 25-июнга чейин жүргүзүлдү. Мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына 81 миң 396 бала кабыл алынса, анын ичинен 1 миң 967 бала жеңилдик менен кабыл алынды.

Мектепке электрондук каттоодо мыйзамдуу жеңилдикке (артыкчылыкка) ээ болгон жарандар бар.

Алар:

  • Аскер кызматкерлеринин балдары;
  • Кайрылман статусу бар этникалык кыргыздар;
  • Үстүбүздөгү жылдын сентябрына карата бир жылдан кем эмес мектепте иштеген мугалимдердин жана штаттык кызматкерлердин балдарына.

Аталган жарандар аскер кызматында, мектепте иштегенин жана кайрылман статусу бар экендигин тастыктаган маалыматкатты тиркөөгө тийиш.

Электрондук каттоо боюнча биринчи класска өтүнмө берүү үчүн, уюлдук телефон же компьютер аркылуу интернетке кирүү керек. https://mektep.edu.gov.kg/ порталын ачып, башкы беттеги көрсөтмөлөрдү аткаруу зарыл. 

Көп берилүүчү суроолорго жоопторду жана нускамаларды порталдын башкы бетинен табууга болот: 

https://mektep.edu.gov.kg/faq?type=SCHOOL

https://youtu.be/rklBh-ZEqjs

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар