Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ИННОВАЦИЯЛЫК КОЛЛЕДЖ 97 АДИСТИ ДАЯРДАДЫ

Көрүлдү: 551

2023-жылдын 25-июнунда Борбор Азиядагы Америка университетинин Инновациялык колледжинин 97 бүтүрүүчүсүнө диплом тапшыруу аземи болуп өттү.

post.title

Салтанатта окуудагы мыкты ийгиликтери, жарандык активдүүлүгү үчүн эң көп упай топтогон жана олуттуу социалдык багыттагы долбоорлорду ишке ашырган бүтүрүүчүлөр, ошондой эле ийгиликтүү стартап-долбоорун түзгөн студенттер командасы да сыйланышты.

Студенттер үч жыл ичиндеги окууда бакалавр программасына барабар окуу программасын өздөштүрүп, дипломдук иштин ордуна дисциплиналар аралык жыйынтык стартап долбоорду ишке ашырышат.

Маалымат үчүн:

Борбор Азиядагы Америка университетинин Инновациялык колледжи орто мектептин 9-классын аяктаган соң, университеттик билимге эквиваленттүү билим алууга жана 18-19 жашында адис болууга мүмкүндүк берет.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар