Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БОРБОРДУК АЗИЯ УНИВЕРСИТЕТИ МИНИСТРЛИКТИН АРДАК ГРАМОТАСЫ МЕНЕН СЫЙЛАНДЫ

Көрүлдү: 652

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Нарын шаарындагы Борбордук Азия университетинин бүтүрүүчүлөрүнүн дипломдорун тапшыруу аземинде БАУну КР Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасын тапшырды.

post.title

Университет эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, билим берүү жана илим жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырууга активдүү катышкандыгы, студенттерге сапаттуу билим берүүнү камсыз кылгандыгы, билим берүүгө кошкон баа жеткис салымы үчүн сыйлыкка татыды.

Маалымат үчүн:

Борбордук Азия университети (БАУ) 2000-жылы светтик, коммерциялык эмес жана менчик университет катары Эл аралык келишимдин негизинде түзүлгөн. Аталган келишимге Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Казакстан Республикасынын президенттери жана Улуу даражалуу Ага Хан тарабынан кол коюлган.

БАУ аймактагы интеллектуалдык жана экономикалык кайра куруулардын борборунан орун алган жана кеңири спектрдеги мүмкүнчүлүктөрдү сунуштаган 3 башталгыч Мектептеринин кызматын сунуштайт. Гуманитардык жана так илимдер Мектеби, Өнүктүрүүнүн Жогорку Мектеби, Профессионалдык жана үзгүлтүксүз билим берүү Мектеби.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар