Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
2023-2024-ОКУУ ЖЫЛЫНА ЧЕТ ӨЛКӨДӨ ЖАШАГАН ЭТНИКАЛЫК КЫРГЫЗДАР ҮЧҮН КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖОЖдоруна 75 КВОТА БӨЛҮНДҮ

Көрүлдү: 702

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Чет өлкөлөрдө жашаган мекендештерге билим берүү жана улуттук маданият маселелеринде колдоо көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык, 2023-2024-окуу жылына Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунда билим алууга чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздар үчүн 75 квота бөлүндү.

post.title

Сынакка этникалык кыргыздар - Казакстан Республикасынын, Кытай Эл Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Түркия Республикасынын жана Пакистан Ислам Республикасынын жарандары катыша алышат.

Сынактык тандоого катышуу үчүн талапкерлер министрликтин https://student.edu.gov.kg/ онлайн системасына катталып, “Чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарды Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына 2023-2024-окуу жылында кабыл алуу” бөлүмүнө бардык керектүү документтерди жүктөшү керек. Ошондой эле 2023-жылдын 21-июлу саат 23:59га чейин милдеттүү болгон талааларды толтуруу зарыл.

Толугураак - https://edu.gov.kg/announcements/260/

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар