Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
АСЕЛЬ ЧЫНБАЕВА: ҮЙ ТИБИНДЕГИ БАЛА БАКЧАЛАРДЫН БИЛИМ БЕРҮҮ КОНТЕНТИ САПАТТУУ БОЛУШУ ЗАРЫЛ

Көрүлдү: 717

Бүгүн, 21-июнда, Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаеванын жетекчилиги алдында “Өкмөттүк акселераторлор” программасын ишке ашыруучу жумушчу топтун кезектеги отуруму өттү.

post.title

Асель Чынбаева “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында түзүлүп жаткан үй тибиндеги бала бакчалардын билим берүү контентине, анын сапатына тийиштүү көңүл бурулушу зарылдыгын белгиледи.

“Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө тийиштүү методологиялык материалдар жеткиликтүү болушу кажет жана алар «Билимдүү муун» онлайн платформасында жана башка мобилдик тиркемелерде кеңири жайгаштырылуусу тийиш. Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин сан жагына гана эмес, сапаттык жагына да тийиштүү көнүл буруу керек”, - деди ал.

Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгынын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө борбордогу пилоттук райондордо үй тибиндеги 31 бала бакча ачылган. Кыска мөөнөттүү окуудан өткөн 459 адамга мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө сертификат берилген. Ал эми 149 адам аталган багытта жеке ишкер катары Мамлекеттик салык кызматында каттоодон өттү.

Мындан тышкары жыйында мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө сертификат алган жактарды жана ал кызматтан пайдаланчу 1-6 жаштагы балдарды медициналык кароодон өткөрүү алгоритмдери каралды.

Белгилей кетсек, үй тибиндеги бала бакчалар “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын “Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды кыскартуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу” долбоорунун алкагында ачылууда.

Учурда жеке жактардан “ЖЕКЕ ИШКЕРЛЕР ТАРАБЫНАН КӨРСӨТҮЛҮҮЧҮ МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ КЫЗМАТТАРЫ” башталгыч курсуна арыздар кабыл алынууда.

Кызыккан жактардан төмөнкү шилтеме боюнча кайрылууңуздарды өтүнөбүз: https://forms.gle/nBrWAFVfyB5ex5Nq7

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар