Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
КЫРГЫЗСТАНДЫК 20 ОКУУЧУ “ЭСКЕРҮҮ ПОЕЗДИ” ДОЛБООРУНА КАТЫШАТ

Көрүлдү: 2888

Бүгүн, 20-июнда, билим берүү жана илим министринин орун басары Бекжан Супаналиев Улуу Ата Мекендик согушта каармандык көрсөткөн шаарлар аркылуу өтүүчү «Эскерүү поездинин» жүрүшүнө Кыргызстандын атынан катыша турган 20 окуучу менен жолугушту.

post.title

Бекжан Супаналиев бул долбоорго катышуу үчүн сынак аркылуу мыктылар тандалып алынгандыгын белгилеп, балдарды жеңиши менен куттуктады.

Сиздер үчүн баатыр шаарлар менен жакындан таанышуу, ата-бабаларыбыздын эрдик көрсөткөн жерлерин өз көзүңүздөр менен көрүү пайдалуу болот. Өзгөчө алыскы аймактардан келген жеңүүчүлөрдү баса белгилегим келет, анткени тема боюнча эссе орус тилинде жазылып, мыкты эмгектер тандалып алынды. Ушул каникул сиздер үчүн эсте калаарлык болуп, пайдалуу болот деп ишенем. Бул Эскерүү поездинин катышуучуларынын арасына Кыргыз Республикасынан да 10-класстын 20 окуучусунун бар болушу биз үчүн сыймык!, - деди ал.

Тандоо баскычында алдыңкы орундарга ээ болгон Аяна Шералиева, Айдай Мелисова жана Адахан Самудинов окууга мыкты шарттарды түзүп берип жаткан мугалимдерге, ата-энелерге жана долбоордун уюштуруучуларына ыраазычылык билдирип, алдыдагы экскурсия маңыздуу жана кызыктуу болот деп үмүт артып жаткандарын билдиришти.

Белгилей кетсек, Эскерүү поезд патриоттук маданий-билим берүү долбоору Россия жана Беларусь парламенттеринин Жогорку палаталарынын башчылары тарабынан демилгеленген. Долбоор 2022-жылдан баштап ишке ашырылып, алгачкы катышуучулары Россия Федерациясынын жана Беларусь Республикасынын өкүлдөрү болгон.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар