Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ЖРТ: БЫЙЫЛ 54 БҮТҮРҮҮЧҮ “АЛТЫН СЕРТИФИКАТ” АЛАТ (ТИЗМЕ)

Көрүлдү: 0

Билим берүү жана илим министрлиги 2023-жылы Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эң жогорку 236 упайды Ош шаарындагы №4 С.Киров атындагы орто мектебинин окуучусу Кызжибек Жээнбекова менен Бишкек шаарындагы Е. Б. Якир атындагы автордук физика-математикалык № 61 мектеп-лицейиинин бүтүрүүчүсү Нурсейит Төрөбаев алгандыгын маалымдайт.

post.title

Бүгүн, 20-июнда Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева Билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаевага 2023-жылы жалпы республикалык тестирлөөдө эң жогорку упай топтоп, “Алтын сертификат” алуу укугуна ээ болгон 54 окуучунун тизмесин тапшырды.

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору берген тизмеге ылайык, Бишкек шаарынан – 39, Ош шаарынан жана облусунан – 4, Чүй облусунан – 2, Ысык-Көл облусунан – 2, Нарын облусунан – 2, Баткен облусунан – 2, Талас облусунан – 2, Жалал-Абад облусунан – 1 окуучу “Алтын сертификат” алат.

Тизме:

  1. Кызжибек Жээнбекова (236) – Ош ш, №4 С.Киров атындагы орто мектеби;
  2. Нурсейит Төрөбаев (236) –  Бишкек ш, Е. Б. Якир атындагы автордук физика-математикалык № 61 мектеп-лицейи;
  3. Елизавета Алпацкая (234) – Бишкек ш, “Гарвард Интернейшнл Скул” окуу-тарбия комплекси;
  4. Аделя Сейитова (234) – Бишкек ш, “Маариф” билим берүү комплекси;
  5. Аман Есеналиев (233) – Бишкек ш, Е. Б. Якир атындагы автордук физика-математикалык № 61 мектеп-лицейи;
  6. Айчүрөк Ишенбекова (232) – Бишкек ш, №70 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси;
  7. Атийя Кайыпова (232) – Бишкек ш, № 12 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси;
  8. Бегимай Карыбекова (232) – Ысык-Көл обл, Ысык-Көл “Себат” кыздар окуу комплекс-лицейи;
  9. Нургиза Жоробаева (231) – Бишкек ш, А.Пушкин атындагы №17 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси;
  10. Нурислам Абдисаматов (230) – Чүй обл, Жайыл Баатыр атындагы жалпы билим берүүчү лицейи;
  11. Деңиз Асанакунова (230) – Бишкек ш, “Газпром Кыргызстан” мектеби;
  12. Асем Тишкимбаева (230) – Бишкек ш, Кыргыз-Орус Славян университетинин жалпы орто билим берүүчү мектеби;
  13. Айжан Аскарбекова (229) – Бишкек ш, №70 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси;
  14. Адилет Аскаров (229) – Бишкек ш, №31 мектеп-гимназиясы;
  15. Марат Кыштобаев (229) – Бишкек ш, Б.Якир атындагы автордук физика-математикалык № 61 мектеп-лицейи;
  16. Атайбек Соорбеков (229) – Бишкек ш, №12 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси;
  17. Айбийке Турдугалиева (229) – Бишкек ш, Б. Якир атындагы автордук физика-математикалык № 61 мектеп-лицейи;
  18. Саид Алиев (228) – Бишкек ш, “Келечек” билим берүү комплекси;
  19. Санжар Киргизбаев (227) – Бишкек ш, Б.Якир атындагы автордук физика-математикалык № 61 мектеп-лицейи;
  20. Сабира Кубанова (227) – Бишкек ш, А.Токомбаев атындагы №24 мектеп-гимназиясы;
  21. Кубат Рысбеков (227) – Бишкек ш, №26 француз тилин тереңдетип окутууну камтыган гимназия-комплекси;
  22. Томирис Асарматова (226) - Бишкек ш, Кыргыз-Орус Славян университетинин жалпы орто билим берүүчү мектеби;
  23. Эркеайым Жаныбекова (226) – Бишкек ш, К.Бобулов атындагы №88 жалпы орто  билим берүүчү мектеби;
  24. Михаил Казанцев (226) – Бишкек ш,“Ыйык Апостоль князь Владимир мектеби” билим берүү мекемеси;
  25. Сабина Маратбек кызы (226) – Жалал-Абад обл, “Билимкана- Жалал-Абад ” орто мектеби;
  26. Гүлайым Назарова (226) – Нарын обл, К.Керималиев атындагы орто мектеби;
  27. Акылай Орозова (226) – Чүй обл, “Билимкана” билим берүү мектеби;
  28. Ишенаалы Раяпов (226) – Бишкек ш, №70 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекс;
  29. Деңиз Абдулдабекова (225) – Бишкек ш, Кыргыз-Орус Славян университетинин жалпы орто билим берүүчү мектеби;
  30. Муратбек Ажымаметов (225) – Ош ш, “Сема” Ош лицейи;
  31. Рухсанем Бакиева (225) – Бишкек ш, Кыргыз-Орус Славян университетинин жалпы орто билим берүүчү мектеби;
  32. Шаа-хан Бейшенбек уулу (225) – Нарын обл, Т.Тынымбаева атындагы орто мектеби;
  33. Айгерим Бекибаева (225) – Бишкек ш, №66 “Ден соолуктун жана өнүгүүнүн мектеби ” гимназия окуу-тарбия комплекси;
  34. Рената Зиянгараева (225) – Бишкек ш, №26 француз тилин тереңдетип окутууну камтыган гимназия-комплекси;
  35. Бектур Момунов (225) – Баткен обл, И.Раззаков атындагы Кызыл-Кыя лицейи;
  36. Айтегин Муратбеков (225) – Бишкек ш, №13 мектеп-гимназиясы;
  37. Аскат Рахымбеков (225) – Талас обл, Э.Айылчиев атындагы №7 орто мектеби;
  38. Үмүт Сакиева (225) – Бишкек ш, А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи;
  39. Арлен Сейталиев (225) – Бишкек ш, . Б. Якир атындагы автордук физика-математикалык № 61 мектеп-лицейи;
  40. Рейна Арстанбекова (224) – Бишкек ш, №67 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси;
  41. Мээрим Аскарбекова (224) – Талас обл, “Мээрим-Себат” Талас эл аралык Кыргыз-Түрк  кыздар лицей;
  42. Эрбол Сатиндиев (224) – Ысык-Көл обл, Х.Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейи;
  43. Феруз Турсунов (224) – Баткен обл, И.Раззаков атындагы Кызыл-Кыя лицейи;
  44. Айназик Айдарканова (223) – Бишкек ш, “Айчүрөк” кыргыз-түрк кыздар лицейи;
  45. Нурия Айтмаматова (223) – Ош обл, А.Сматов атындагы орто мектеби;
  46. Адеми Акылбекова (223) – Бишкек ш, №9 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси;
  47. Руслан Албаев (223) – Бишкек ш, №33 мектеп-гимназиясы;
  48. Адилхан Алыйманов (223) – Бишкек ш, . Б. Якир атындагы автордук физика-математикалык № 61 мектеп-лицейи;
  49. Елизавета Булгакова (223) – Бишкек ш, №26 француз тилин тереңдетип окутууну камтыган гимназия-комплекси;
  50. Даниэл Камалов (223) – Ош ш, “Сема” Ош лицейи;
  51. Анна Кузнецова (223) – Бишкек ш, “Эврика” гимназия билим берүү комплекси;
  52. Дарика Медерова (223) – Бишкек ш, “Келечек” билим берүү комплекси;
  53. Айдай Шарабидинова (223) – Бишкек ш, №26 француз тилин тереңдетип окутууну камтыган гимназия-комплекси;
  54. Эрлан Эсенгельдиев (223) – Бишкек ш, №25 жалпы орто билим берүүчү мектеби.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар