Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
КЫРГЫЗСТАНДЫН ТАЖРЫЙБАСЫ АЗИЯ-ТЫНЧ ОКЕАН ДЕҢГЭЭЛИНДЕ СУНУШТАЛДЫ

Көрүлдү: 905

12-14-июнда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери Балиде (Индонезия) өткөн «Туруктуу өнүгүү үчүн билим берүү-2030» (ESD-Net 2030) глобалдык тармагынын Азия-Тынч океан регионалдык жыйынына катышты.

post.title

Жыйында 21 өлкөнүн өкүлдөрү Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү боюнча билим берүү тармагындагы милдеттердин аткарылышын жана өлкөлөрдүн тажрыйбасын, кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Пленардык жыйында Эл аралык кызматташуу жана өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Айзада Апышева туруктуу өнүгүү үчүн билим берүү тармагындагы Кыргызстандын демилгелери жана алдыңкы тажрыйбалары тууралуу бетачар сунуштады.

Жолугушуу Индонезиянын Билим берүү министрлиги, ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясы (KNIU) жана Япония өкмөтү тарабынан уюштурулган. Аймактык жолугушуунун жыйынтыктары 2023-жылдын декабрында Японияда өтүүчү ESD-Net 2030 глобалдык жыйынында талкууланат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар