Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БИШКЕКТЕ ҮЙ ТИБИНДЕГИ БАЛА БАКЧАГА 500 АШУУН БАЛА БАРУУДА

Көрүлдү: 2850

Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Виктория Мозгачеванын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө Бишкек шаарындагы үй тибиндеги бала бакчаларда 500дөн ашык бала тарбияланууда.

post.title

2023-жылдын 15-июнуна карата 997 арыз түшкөн, анын ичинен 779у Бишкек шаарынан келип түшкөн:

Ленин району - 461,

Биринчи Май району - 235,

башкалар - 83.

Окутуу үчүн 350дөн ашык адамды камтыган 30 топ түзүлдү. 487 катышуучу онлайн режимдеги курсту аяктады.

Жыйынтыгында 341 адам сертификат алса, 98 катышуучу жеке ишкер катары каттоодон өткөн.

Белгилей кетсек, үй тибиндеги бала бакчалар “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын “Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды кыскартуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу” долбоорунун алкагында ачылууда.

Учурда жеке жактардан “ЖЕКЕ ИШКЕРЛЕР ТАРАБЫНАН КӨРСӨТҮЛҮҮЧҮ МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ КЫЗМАТТАРЫ” башталгыч курсуна арыздар кабыл алынууда. Кызыккан жактарга төмөнкү шилтеме боюнча кайрылууңуздарды суранабыз: https://forms.gle/nBrWAFVfyB5ex5Nq7

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар