Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МИНИСТР КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ БАУнун БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР АЗЕМИНЕ КАТЫШТЫ

Көрүлдү: 734

Бүгүн, 16-июнда билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев, БАУнун Камкорчулар кеңешинин төрагасы, доктор Шамш Кассим-Лакха, БАУнун Камкорчулар кеңешинин мүчөсү ханбийке Зара Ага Хандын катышуусунда Нарындагы Борбордук Азия университетинин бүтүрүүчүлөрүнүн салтанаттуу аземи өттү.

post.title

БАУнун бүтүрүүчүлөрү экономика, экология жана технология тармактарында татыктуу жумуш орундарына ээ болуп, Кыргызстандын туруктуу экономикалык өсүшүнө салым кошуп жатканын баса белгиледи министр Каныбек Иманалиев.

“БАУ дүйнөлүк деңгээлдеги университеттер менен кызматташып, Кембриж, Саймон Фрейзер жана Сиднейдеги технологиялык университеттердин колдоосу менен өзүнүн сапаттык стандарттарын жакшыртып жатканы абдан кубандырат. Буга кошо туруктуу өнүгүү боюнча магистрдик программаларды ишке киргизип жатканыңыздарды жана докторлук программаларды түзүү боюнча  келечек пландарды угуп кубануу менен кабыл алдым. Бул программалар аймактагы алдыңкы изилдөө борборуна айланат деп ишенем”, - деди министр.

Ошондой эле министр БАУнун англис тили, технология жана ишкердик боюнча курстарын Кыргызстандын 42 миң жараны бүтүргөнүн, алардын 55%ы кыз-келиндер түзөрүн кошумчалады.

БАУнун Камкорчулар кеңешинин төрагасы, доктор Шамш Кассим-Лакха быйыл Кыргызстан, Казакстан, Пакистан, Тажикстан жана Ооганстандын жарандарынан турган эң мыкты 76 бүтүрүүчү окууну аяктап жаткандыгын айтып, алар университеттин үчүнчү бүтүрүүчүлөрү экендигин билдирди.

“Университет Борбордук Азиядагы өзөктүү өзгөрүүлөрдүн катализатору катары өзүн көрсөтүүгө талыкпай аракет кылып келет. Бүгүн силердин жетишкендиктерди белгилөө менен бирге БАУ ар бириңерди даярдаган ченемсиз потенциалды ишке ашыруудагы ийгиликтериңерди билүүгө болгон мүмкүнчүлүктөрүңөрдү чыдамсыздык менен күтөбүз. Эң негизгиси силерди ар дайым кучак жайып тосуп ала турган уяңар бар. Билим алган уяңар менен  тыгыз байланышта болгула”, - деди Шамш Кассим-Лакха.

Минист Каныбек Иманалиев бүгүнкү күндө Нарында 195 студент билим аларын, анын 78и  республиканын ар кайсы аймактарынан, 20сы Нарындан экенин айтты.

“Жакында эле “Schools-2030” “Бирдей билим – бирдей мүмкүнчүлүк” аттуу Глобалдык форумуна катышып келдим.  Форумду 2024-жылдын июнь айында Кыргызстанда өткөрүү эстафетасын алып келдим”, - деди министр.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар