Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ТОКТОБҮБҮ АШЫМБАЕВА: “ОРТО КЕСИПТИК ОКУУ ЖАЙЛАРЫ ДА PISAга ДАЯРДЫКТЫ КҮЧӨТҮШҮ КЕРЕК”

Көрүлдү: 528

Бүгүн, 15-июнда, Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинде билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева педагогикалык багытта билим берген колледжердин директорлору менен жыйын өткөрдү.

post.title

Жыйында Токтобүбү Ашымбаева педагогикалык колледждердин актуалдуу милдеттерин белгиледи.

 “Орто кесиптик окуу жайлары мектеп жана бала бакчалар үчүн адистерди даярдайт... Адистерди даярдоодо мектептерде окутулган мектеп стандарттары, өзгөчө мектепке чейинки билим берүү стандарттары кесиптик окуу жайлардын программасына канчалык деңгээлде киргизилгени жана кандай иштер жүрүп жатканы маанилүү” - деди Токтобүбү Ашымбаева.

Министрдин орун басары 2025-жылы PISA изилдөөсүнө 15 жаштагы окуучулар, анын ичинде орто кесиптик окуу жайлардын дагы окуучулары катышарын айтты. 

Мектеп окуучуларын PISA жана STEM предметтерине тереңдетип даярдоо боюнча мектеп мугалимдери гана иш алып барбастан, бул маселеге орто кесиптик окуу жайлары дагы басым жасоого тийиш”, - деп белгиледи Токтобүбү Ашымбаева.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар