Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
НАРЫН МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ КЫТАЙ ТИЛИ ЖАНА МАДАНИЯТЫ БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

Көрүлдү: 499

Бүгүн, 15-июнда билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин алдында Кытай тили жана маданияты борборун ачуу аземине катышты.

post.title

Борбор Кыргыз Республикасындагы Кытай Эл Республикасынын Элчилигинин колдоосу менен ачылды.

Министр Каныбек Иманалиев эки элдин ортосундагы достук мамилелердин жаңы барагы ачылып жатканын белгилеп, Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнге мамлекеттер арасындагы активдүү жана жемиштүү кызматташтыкка барандуу салым кошуп жатканы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле министр алдыда НМУнун окутуучулары жана студенттери үчүн алмашуу программалары киргизилип, Кытайдын өнөктөш университеттери менен илимий кызматташтыкты өнүктүрүү пландалып жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, 2011-жылы Нарын мамлекеттик университетинде Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Конфуций институтунун колдоосу менен техникалык жактан жабдылган Конфуций классы ачылган. Бүгүнкү күнгө чейин бул класста НМУнун 70тен ашуун студенти билим алган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар