Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
1-КЛАССКА ЭЛЕКТРОНДУК КАТТОО: 14-ИЮНГА КАРАТА 73 МИҢ 210 БАЛА КАБЫЛ АЛЫНДЫ

Көрүлдү: 3376

Билим берүү жана илим министрлиги мектепке жана бала бакчага балдарды кабыл алуу боюнча маалыматтык системасы аркылуу 2023-жылдын 10-апрелинен 14-июнуна чейин мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына 73 миң 210 бала кабыл алынгандыгын маалымдайт. Анын ичинен 1 миң 564 бала жеңилдик менен кабыл алынды.

post.title

Бишкек шаарында – 6 миң 719 бала (анын ичинен 501 бала жеңилдик менен) кабыл алынды.

Жалал-Абад облусунда – 14 миң 989 (анын 235и жеңилдик менен)

Чүй облусунда – 6 миң 316 (235и жеңилдик менен)

Ош облусунда – 15 миң 301 (анын 177си жеңилдик менен)

Ысык-Көл облусунда – 6 миң 744 (анын 67си жеңилдик менен)

Баткен облусунда – 8 миң 391 (анын 145и жеңилдик менен)

Талас облусунда – 3 миң 754 (анын 54ү жеңилдик менен)

Нарын облусунда – 4 миң 140 (анын 46сы жеңилдик менен)

Ош шаарында – 2 миң 156 (анын 143ү жеңилдик менен)

Башкача айтканда, жогоруда аталгандар катталган жери боюнча мектептин биринчи классына электрондук каттоо мүмкүнчүлүгүн колдонушту:

Бишкек шаарында балдардын ата-энелери же мыйзамдуу өкүлдөрү – 32%,

Ысык-Көл облусунда – 46%,

Баткен облусунда – 50%,

Талас облусунда – 51%,

Чүй облусунда – 36%,

Жалал-Абад облусунда – 41%,

Нарын облусунда – 55%,

Ош облусунда – 38%,

Ош шаарынын – 19%.

Эскерте кетсек, балдардын жалпы орто билим алууга бирдей укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуу, ошондой эле баланы 1-класска кабыл алууда коррупциялык схемаларды кыскартуу максатында «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарына балдарды электрондук каттоо» автоматташтырылган маалыматтык системасы иштелип чыккан.

Мектепке электрондук каттоонун I этабы 2023-жылдын 10-апрелинен 26-июнуна чейин жүргүзүлcө, II этап 26-июндан 31-августка чейин болот.  

Биринчи класска электрондук каттоо үчүн сайт - https://mektep.edu.gov.kg/

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар