Көрүлдү: 3530
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Акылман” Президенттик лицейи жөнүндө” Жарлыкка кол койду.
Бүткүл өлкө боюнча өзгөчө шыктуу балдарды окутуунун жана тарбиялоонун бирдиктүү системасын түзүү, таланттуу жаштарды андан ары колдоо жана сыйлоо, Кыргыз Республикасында интеллектуалдык жактан өнүккөн муунду калыптандыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылынат:
1) “Акылман” президенттик лицейине кабыл алуу окуп жаткандардын кызыкчылыктарын жана өзгөчөлүктөрүн эске алып, аларды окутуунун айрым предметтерин жана деңгээлдерин тандоо жолу менен окуу процессин индивидуалдаштыруу каралган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын 6-класстарын аяктаган окуп жаткандардын ичинен жүргүзүлөт;
2) “Акылман” президенттик лицейи түздөн-түз Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине баш иет.
1) “Акылман” президенттик лицейинин педагогикалык кызматкерлеринин эмгегине акы төлөөнүн жакшыртылган шарттарын түзүүгө багытталган чараларды көрсүн;
2) ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.