Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БИШКЕКТЕ БАЛДАРДЫ ЭРТЕ КУРАКТА ӨНҮКТҮРҮҮ ЖАНА БИЛИМ БЕРҮҮ БОЮНЧА РЕСПУБЛИКАЛЫК ФОРУМ ӨТТҮ

Көрүлдү: 1632

Бишкекте Балдарды коргоонун эл аралык күнү – 1-июнду утурлай өлкө аймактарынан келген 150 китепканачынын жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин, кызматкерлеринин катышуусунда Балдарды эрте куракта өнүктүрүү жана билим берүү боюнча республикалык форум болуп өттү.

post.title

Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Билим берүү жана илим министринин орун басары Аида Рысбаева, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чынгыз Эсенгул уулу, ошондой эле ЮНИСЕФ Өкүлү Кристин Жольм катышты.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов балдарды эрте куракта өнүктүрүүнүн чоң маанисин белгилеп, китепканалардын профилин өзгөртүү зарылдыгын билдирди. Өкмөт китепканалардын базасында 150 балдарды өнүктүрүү борборун ачып, аларга 1 жаштан 6 жашка чейинки 5 миңден ашык бала катышууда.

«Жүргүзүлүп жаткан демилгелердин аркасында мектепке чейинки курактагы балдарды көбүрөөк камтууга жана аларды мектеп программасына даярдоого мүмкүнчүлүктөр ачылууда», - деди Билим берүү жана илим министринин орун басары Аида Рысбаева.


Ал китепканачыларды ар бир баланын билим алуу укугун практикалык түрдө ишке ашыруу үчүн биргелешип иштөөгө чакырды.

«Кыргызстанда эки миллиондон ашуун бала бар, бул калктын 40 пайызын түзөт, биз балдарга артыкчылык берип, аларга инвестиция кылышыбыз керек. Экономисттердин айтымында, балдардын өнүгүүсүнө жумшалган ар бир АКШ доллары коомго болжол менен 7 доллар киреше алып келет», - деди ЮНИСЕФ өкүлү Кристин Жольм.

Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү саясаты башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова форумдун катышуучуларына балдардын өнүгүүсү боюнча ата-энелерге арналган Bebbo мобилдик тиркемесинин презентациясын тартуулады.

Маалымат үчүн: Борборлор 2018-жылдан бери иштеп келет. Билим берүү жана илим министрлиги 300 китепканачы үчүн үч күндүк окуу курсун өткөрдү. Бул борборлордо китепканачылар жаш балдарды өнүктүрүү боюнча иш-чараларды жана позитивдүү, ачык мамилелерди калыптандыруу үчүн ата-энелерге багытталган тренингдерди өткөрүшөт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар