Көрүлдү: 2033
26-майда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Эстония Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Тоомас Тирс менен жолугушту.
Тараптар билим берүү тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын билим берүү системасын PISA-2025 эл аралык изилдөөсүнө даярдоо маселелери каралды.