Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ МААЛЫМДАЙТ

Көрүлдү: 1107

Жалпы республикалык тест Кыргыз Республикасында 2002-жылдан бери өткөрүлүп келет.

post.title

ул жогорку окуу жайларга кабыл алууну шарттаган тест. Тестти ар бир бүтүрүүчү өз каалоосу менен тапшырат жана милдеттүү түрдө тапшыруу шарт эмес. Мисалы, 2022-жылы 69 миңге жакын бүтүрүүчү мектепти аяктаса, тестти 51 миң 180 адам тапшырган.

Жалпы республикалык тесттердин суроолорун мектеп окуу программасынын негизинде өлкөнүн тажрыйбалуу мугалимдери жана эксперттери тарабынан иштелип чыгып түзүлөт.

ЖРТнын негизги тести – жогорку окуу жайларга тапшырууну каалаган абитуриенттер үчүн милдеттүү. Ал эми предметтик тесттер – каалаган адистигине жараша тандап тапшырылган тесттер, айрым адистиктерге предметтик тесттин жыйынтыктарынын кереги жок.

Министрликке “мектептин рейтингин түшүрөсүңөр” деген мугалимдердин же мектеп администрациясынын үстүнөн жазган кайрылуулар түшкөн эмес. Эгерде андай кайрылуулар түшсө, министрлик дароо тиешелүү чараларды колдонорун маалымдайт.

Эгерде сизде ЖРТ катталуу боюнча  суроо болсо, +996(312)664838; +996(502)664838; +996(772)664838 теелфондору боюнча кайрылсаңыз болот.

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар