Көрүлдү: 676
Бишкек шаарындагы “Сейтек” Улуттук балдардын жана өспүрүмдөрдүн борборунда 17-майдан 19-майга чейин “Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрүнүн” отряддарынын республикалык кароо-сынагы өткөрүлдү.
Кароо-сынакка аймактардан 9 команда катышып, баш байге ээси болуп Нарын облусунун “Светофор” командасы табылды. Ал эми I орунду – Чүй облусунун “Жезл”, II орунду – Ысык-Көл облусунун “Клаксон”, жана III орунду – Баткен облусунун “Светофор” командалары алды.
Жеңүүчүлөргө жана катышуучуларга Билим берүү жана илим министрлигинин атайын дипломдору, мугалимдерге ыраазычылык каттар тапшырылды. Ошондой эле мектептердин материалдык-техникалык базасын чыңдоого керектелүүчү баалуу белектер менен бардык катышуучулар сыйланды.