Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
КОНФЕРЕНЦИЯДА ӨЛКӨНҮН ЭКОНОМИКАЛЫК ӨСҮШҮ ҮЧҮН АДАМ КАПИТАЛЫН ӨНҮКТҮРҮҮ ТАЛКУУЛАНДЫ

Көрүлдү: 665

12-майда “Билим берүү экономикалык өсүштүн фактору катары” аттуу эл аралык конференцияда Кыргызстан, Казакстан, Орусия жана Япониянын окумуштуулары, окутуучулары жана эксперттери окутуу системасын жана ыкмаларын өзгөртүү боюнча сунуштарын айтышты.

post.title

Билим берүү жана илим министрлигинин жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Азамат Найманбаев конференцияда катышуучуларга министрдин кайрылуусун окуп берди. Кайрылуусунда министр Каныбек Иманалиев “Адам капиталына инвестиция салуу, өлкөбүздүн жашоочуларынын билим деңгээлин жана квалификациясын жогорулатуу өлкөбүздүн экономикалык өсүшүнүн кечиктирилгис чараларынын бири болушу керек... Эгерде келечекте гүлдөп өнүккөн өлкөнү көргүбүз келсе, анда биз бүгүн балдардын билимине инвестиция сала башташыбыз керек”, - деп белгилеген.

Баяндамачылар мамлекеттик бюджеттин 22,5% билим берүү тармагына жумшалганын белгилеп, адам ресурстарына инвестициялардын ар кандай теорияларын, анын ичинде окутуунун узактыгынын, балдарды эрте өнүктүрүүнүн, математика жана табигый-илимий дисциплиналарды тандоонун таасирин карап, ар кайсы өлкөлөрдүн окуучуларынын компетенцияларынын тизмесин салыштырышты.

Катышуучулар ваучерлерди киргизүүнү, жеке билим берүү уюмдарын өнүктүрүүнү колдоону, стандарттарды өзгөртүүнү, окутуу ыкмаларын, мектептерде англис тилин үйрөнүү убактысын көбөйтүүнү негиздешти.

Конференциянын докладдар жыйнагын чыгаруу 2023-жылдын июнь айына мерчемделген.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар