Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БЕББО” ТИРКЕМЕСИНИН ЖАНА “БИЛИМДҮҮ МУУН” САНАРИП ОКУУ ПЛАТФОРМАСЫНЫН  ИШТӨӨСҮН КАМСЫЗДОО МАКСАТЫНДА МИНИСТРЛИКТИН БУЙРУГУ ЧЫКТЫ

Көрүлдү: 2198

Билим берүү жана илим министрлигинин эрте курактагы балдардын өнүгүүсү боюнча ата-энелердин компетентүүлүгүн жогорулатуу, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын педагогдорунун кесиптик чеберчилигин жогорулатуу үчүн иштелип чыккан “Беббо” ата-энелер үчүн тиркемесин жана мектепке чейинки билим берүү педагогдору үчүн “Билимдүү муун” санарип окуу платформасынын иштөөсүн камсыздоо максатында буйругу чыкты.

post.title

Буйрукка ылайык, Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту мектепке чейинки билим берүү педагогдору үчүн “Билимдүү муун” санарип окуу платформасын туруктуу жана үзгүлтүксүз иштөөсүн, ал эми билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүүнүн саясаты бөлүмү Кыргыз билим берүү академиясы менен биргеликте “Беббо” ата-энелер үчүн мобилдик тиркемесине керектүү материалдарды жайгаштырууну жана жайылтууну камсыздайт.

Ошондой эле Бишкек шаарынын райондук билим берүү борборлорунун, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары тиешелүү аймакта жайгашкан менчиктин бардык түрлөрүнө жана формаларына карабастан бардык мектепке чейинки билим берүү уюмдарында  аталган тиркемени жана платформаны  пайдалануу боюнча аракеттерди көрүп, аткарылган иштер боюнча квартал сайын бөлүмгө маалымат берет.

Буйрук

Жаңы Беббо тиркемеси

https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ky/%D0%B6%D0%B0%D2%A3%D1%8B-%D0%B1%D0%B5%D0%B1%D0%B1%D0%BE-%D1%82%D0%B8%D1%80%D0%BA%D0%B5%D0%BC%D0%B5%D1%81%D0%B8

“Билимдүү муун” санарип окуу платформасы

https://kyrgyzstan.learningpassport.unicef.org/

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар