Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ ТОКТОГУЛ, ТҮП, КОЧКОР РАЙОНДОРУНУН ОКУУЧУЛАРЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Көрүлдү: 2339

Бүгүн, 4-майда билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун, Ысык-Көл облусунун Түп районунун жана Нарын облусунун Кочкор районунун 11-классынын 35 окуучусу менен жолугушту.

post.title

Министр бүтүрүүчүлөргө алдыдагы жалпы республикалык тестирлөөнү ийгиликтүү  тапшырып алууларын каалап, туура кесип тандоо баарынан маанилүү экендигин белгиледи.

“Азыр санариптешкен доордо маалыматтык технологиялар багытын өздөштүрүү – учурдун талабы. Кыргызстанда жашап, эл аралык компанияларда иштеген кыргызстандыктар бар. Алар бул деңгээлге күжүрмөн эмгек жана тынымсыз изденүүнүн артынан жетишти. Мен дагы силердин билимдүү, кесипкөй, креативдүү адистерден болушуңарды каалайм. Азыр мүмкүнчүлүктөрдүн заманы, максатты чоң коюп, өзүңөргө ишенгиле”, - деди министр.

Окуучулар министрге суроолорду берип, сунуштарын айтышты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар