Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
УЛАНБЕК УСЕКОВ МЕКТЕП БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДА КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН РОССИЯНЫН КЫЗМАТТАШУУ ДОЛБООРЛОРУН ТАЛКУУЛАДЫ

Көрүлдү: 855

2023-жылдын 28-апрелинде Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Уланбек Усеков Россия Федерациясынын агартуу министринин орун басары Денис Грибов менен видео конференция режиминде кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулады.

post.title

Тараптар Кыргызстанда кыргыз-орус билим берүү уюмдарын түзүү долбоорлорун жана Чет жердеги орус мугалими гуманитардык долбоорун ишке ашыруудагы учурдагы кырдаалды талкуулады.

Белгилей кетсек, Кыргызстан “Чет жердеги орус мугалими” эл аралык гуманитардык долбооруна 2019-жылдан тарта кошулган. Бул долбоор Вьетнам, Монголия, Сербия, Тажикстан, Түркия жана Өзбекстанда да ишке ашырылууда.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар