Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
АРТЫКЧЫЛЫКТУУ АДИСТИКТЕРДИН ЖАНА КЕСИПТЕРДИН ФЕСТИВАЛЫ БАШТАЛДЫ

Көрүлдү: 2176

26-апрелде Бишкектеги жана Чүй облусундагы колледждер жана кесиптик лицейлер артыкчылыктуу адистиктер жана кесиптер фестивалында өз мүмкүнчүлүктөрүн жана жетишкендиктерин көрсөтүштү.

post.title

Ачылыш аземинде билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу мектеп окуучуларын кесипти туура тандоо үчүн колледж менен кесиптик лицейлердин мүмкүнчүлүктөрү менен таанышууга, ал эми кесиптик окуу жайлардын жетекчилерин өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө активдүү катышууга чакырды.

 “Ар бир адам жумушчу кесипке ээ болушу керек... аны менен жашоодо өз ордун табууга ар дайым мүмкүнчүлүк болот. Бүгүнкү күндө колледждер жана кесиптик лицейлер өндүрүш жана ишкерлер менен түздөн-түз иштешет, андыктан студенттер окууну аяктаганга чейин жумуш табууга мүмкүнчүлүк алышат”, - деди Расул Абазбек уулу.

Ошондой эле министрдин орун басары 9-класстан кийин кесиптик лицейге тапшыргандардын окуу мөөнөтү үч жылдан эки жылга кыскаргандыгын айтып, аттестат жана квалификация ыйгаруу жөнүндө диплом алуу мүмкүнчүлүгүн белгиледи.

Азия өнүктүрүү банкынын өлкөлүк директору Канокпан Лао-Арая АӨБдүн кесиптик билим берүүнү өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүсү, Алдыңкы тажрыйба борборлорунун ачылышы жөнүндө айтып берди.

Анын айтымында, колледж жана кесиптик лицейлердин бүтүрүүчүлөрүнүн 60-65% жумушка орношот.

TechnoPremier компаниясынын жетекчиси Турат Дубанаев жаштардын билим алуусуна колдоо көрсөтүү, атап айтканда окуу борборун уюштуруу үчүн университет жана кесиптик лицейлер менен кызматташууга токтолду.

Фестивалдын коноктору колледждердин жана кесиптик лицейлердин студенттеринин буюмдарынын көргөзмөсүн, этникалык жана авангарддык стилдеги кийимдердин көрсөтүүсүн, студенттердин концертин көрүп, окуу жайларда кесиптик даярдоонун шарттары жана багыттары тууралуу маалымат алышты.

Фестиваль Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан «Секторду өнүктүрүү программасы: инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр» долбоорунун алкагында уюштурулууда. Долбоор кесиптик техникалык билим берүүнүн жана окутуунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

Фестиваль мындан ары республиканын аймактарында өткөрүлөт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар