Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ОшМУ КАЗАКСТАНДАГЫ ЕВРАЗИЯ УЛУТТУК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ ФИЛИАЛЫН АЧТЫ

Көрүлдү: 504

Ош мамлекеттик университети Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинде филиалын - кыргыз тили жана маданияты борборун ачты.

post.title

Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Дастан Дюшекеев, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин ректору Ерлан Сыдыков, окутуучулар жана студенттер катышты.

Евразия улуттук университетининде филиал ачуунун максаты – жогорку кесиптик билим берүүнүн эки багыты боюнча - котормо жана котормо таануу (англис тили) жана орус тили жана адабияты адистерди биргелешип даярдоо. 

Табият таануу, физика жана маалыматтык технологиялар багыттары боюнча программаларды андан ары көбөйтүү каралган.

Студенттер алгачкы эки жыл ОшМУда, кийинки эки жыл Евразия улуттук университетинде билим алат.

Ошондой эле ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков баштаган делегация Евразия улуттук университетинин жетечилиги менен жолугушуп,  кызматташтыкты жаңы баскычка көтөрүүнү талкуулашты.

Белгилей кетсек, буга чейин ОшМУда Евразия улуттук университетинин филиалы - казак тили жана маданияты борбору ачылган. Учурда борбордо 30 студент билим алат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар