Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ МААЛЫМДАЙТ

Көрүлдү: 0

Билим берүү жана илим министрлиги Ноокат районунун Ынтымак айыл аймагындагы “Арык-Бою” орто мектебинде окутуу токтолду деген маалыматтар боюнча Ноокат райондук билим берүү бөлүмү берген билдирүүнүн негизинде төмөндөгүлөрдү билдирет.

post.title

2023-жылдын 12-апрелинде Ноокат райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору жүргүзгөн иликтөөдө мектептин ичинде нымдуулук жогору болуп, полдору чирип калгандыгы аныкталган. Буга байланыштуу окуучулардын жана мугалимдердин ден соолугуна тийгизген терс таасири эске алынып, нымдуу окуу бөлмөлөрдө окутууну токтотуу жөнүндө корутунду чыккан.

Бирок жаңы мектептин курулушу быйылкы тизмеге киргизилгендиктен, мектептин жамааты, ата-энелери окууну эски мектепте улантуу пикирин айтышкан. Ноокат райондук мамлекеттик администрациясы менен жолугушууда мектептин жамааты жана ата-энелер сабактарды улантууга уруксат берүүнү жана жаңы мектептин курулушун тез арада бүткөрүүнү суранышкан.

2023-жылдын 24-апрелине карата аталган мектепте окуу үзгүлтүксүз жүрүүдө. Окуу бөлмөлөрү саат сайын желдетилип, санитардык-гигиеналык эрежелерди так сактоого аракеттер көрүлүүдө.

Маалымат үчүн: Ынтымак айыл аймагындагы “Арык-Бою” орто мектебинин окуу имараты 1991-жылы курулган. Дубалы силикат кыштан тургузулган бир кабаттуу мектеп көмүр менен жылытылат. Учурда мектепте даярдоо классында окуган окуучуларды кошкондо жалпысынан 351 окуучу бар.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар