Көрүлдү: 870
Бүгүн, 20-апрелде “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын “Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды кыскартуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу” долбоорун ишке ашыруучу жумушчу топ Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте №16 муниципалдык аймактык башкармалыгында болуп, жеке ишкерлерди каттоодо ички миграция маселелерин эске алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Жеке ишкер болууну каалаган жарандар туруктуу каттоого алынган жери, иштеген жеринен же убактылуу жашаган жери боюнча Мамлекеттик салык кызматында жеке ишкер катары катталууга мүмкүнчүлүк алышат.
Учурда "Санарип" кызматы аркылуу маалыматтарды топтоо, кызмат көрсөтүү жана мамлекеттик органдар арасында колдонуу боюнча талкуулар, макулдашуулар жүрүп жатат.