Көрүлдү: 746
Билим берүү жана илим министрлиги Бишкек – “Манас” аэропорту жолунда мектепке окуучуларды ташыган автобустун жол кырсыгына кабылышы боюнча төмөндөгүлөрдү билдирет.
Жол кырсыгына кабылган автобустун ичинде Чүй облусунун Сокулук районундагы “Ат-Башы мектеп-лицейи” мекемесинин башталгыч класстарынын 18 окуучусу болгондугун билдирди аталган мектептин директору Рахат Мырзабекова.
Учурда жол кырсыгынан жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүлүүдө.