Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ТОКТОБҮБҮ АШЫМБАЕВА ЭЛ АРАЛЫК ЭКСПЕРТТЕР МЕНЕН МЕКТЕП ТАМАК-АШ ПРОГРАММАСЫН ТАЛКУУЛАДЫ

Көрүлдү: 609

18-апрелде билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы өкүлдөрү Вилла Каллонен, Аида Афтандилова, Эрик Куйкеев жана Россия Федерациясынын тармактык тамактануу институтунун кызматкерлери Анатолий Максимов жана Зарина Токтоболотова менен жолугушту.

post.title

Тараптар БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын көмөгү менен ишке ашырылып жаткан 2023-2028-жылдарга мектеп тамак-ашы программасын талкуулашты.

Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын катышуусу менен башталгыч класстын окуучулары үчүн ысык тамак берүүнүн модели иштелип чыгып, республика боюнча ишке ашырылууда. БУУ ДАТП ашканаларды байытылган ун жана техникалык жабдуулар менен камсыздайт. Мектеп ашканасынын кызматкерлери жана ашпозчулар үчүн окутуу борборун уюштурулган. Тармактык тамактануу институту Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өнөктөшү катары азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу, айыл чарбаны өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо стратегияларын интеграциялоо аркылуу мектептерди тамактандыруунун улуттук программаларын иштеп чыгууга жана жакшыртууга көмөк көрсөтүүдө.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар