Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
“ӨКМӨТТҮК АКСЕЛЕРАТОРЛОР” ПРОГРАММАСЫ: 32 ТРЕНЕР ОКУТУЛУУДА

Көрүлдү: 2195

Бүгүн, 18-апрелде “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында долбоорго тренер боло турган 32 билим берүү кызматкери окутуудан өтүүдө.

post.title
Алардын арасында - И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин мектепке чейинки билим берүү кафедрасынын, Кыргыз билим берүү академиясынын, Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун кызматкерлери жана Жеке менчик балдар бакчасы ассоциациясынын өкүлдөрү бар.
Тренерлерди даярдоо боюнча окуу модулу билим берүү (8 саат), саламаттыкты сактоо (4 саат), коопсуздук чараларын сактоо (4 саат) жана ишкердикти уюштуруу (2 саат) темаларын камтыйт.
Окуудан өткөндөн кийин 32 тренер 100 күн ичинде Бишкек шаарынын Биринчи май жана Ленин райондорунда ишкер айымдарды окутушмакчы. 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар