Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
25-АПРЕЛДЕ “АЛТЫН ТАМГА” ТЕСТИ ӨТКӨРҮЛӨТ

Көрүлдү: 2533

Билим берүү жана илим министрлигинин 2023-жылдын 22-мартындагы №1042/1 буйругуна ылайык, “Алтын тамга“ жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы 25-апрелде республиканын бардык аймагында бир убакта өтөт.

post.title

2022-2023-окуу жылында “Алтын тамга” тестине 2 миң 23 талапкер катталган. Тестти өткөрүү үчүн 19 тест өткөрүү пункту түзүлдү.

“Алтын тамга” тестирлөөсү 4 милдеттүү окуу сабактары математика, эне тили жана адабияты (кыргыз тили жана кыргыз адабияты, орус тили жана орус адабияты, ѳзбек тили жана ѳзбек адабияты) Кыргызстандын тарыхы жана химия боюнча өткөрүлөт.

Тест толук бойдон окуу предметинин мазмунун билим берүү программаларына жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү стандарттарына шайкештикте чагылдырат. Стандартташтырылган тест тɵмɵнкүдɵй түрдɵ берилет:

-          жабык түрүндɵгү тапшырмалар (бир туура жоопту тандап алуу менен);

-          ачык түрүндɵгү тапшырмалар;

-          туура ырааттуулугун аныктоого берилген тапшырмалар;

-          шайкештигин аныктоого берилген тапшырмалар.

“Алтын тамга” тестин ɵткɵрүүнүн максаттары тɵмɵнкүлɵр болуп саналат:

 -         жалпы орто билими тууралуу артыкчылык менен документ алууга талапкерлердин билим деңгээлдерин баалоону жүргүзүү;

-          Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жɵнүндɵ” мыйзамынын аткарылышына кɵзɵмɵл кылуу;

-          мектеп билим берүү системасын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү стандарттарын жетилтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.

Белгилей кетсек, педагогикалык кеңештин сунуштамасынын жана жалпы билим берүү уюмунун буйругунун негизинде жалпы орто билим берүүнүн жалпы билим берүү программаларын ɵздɵштүргɵн жана X, XI класстар үчүн бардык окуу сабактары боюнча чейрек, жарым жылдык жана жылдык баалары “5” (эң жакшы) деген баадан төмөн эмес болгон талапкерге “Алтын тамга” тестине тапшыруу укугу берилет.

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар