Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
КӨҢҮЛ АЙТУУ

Көрүлдү: 1010

Токтогул районундагы К.Чокоев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин мугалимдери жол кырсыгына учураган.

post.title

 Учурда 2 мугалимдин абалы оор 3 мугалим хирургия бөлүмүндө дарыланууда.

Тилекке каршы, мектептин математика мугалими Сүйүнбү Момунбаева алган жараттарынан улам каза болду.

Билим берүү жана илим министрлиги Токтогул районунда мугалимдин өмүрүн алган жол кырсыгын терең кайгыруу менен кабыл алды.

Буга байланыштуу министрлик маркумдун жакын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөт.

Ошол эле учурда жабыр тарткандардын батыраак сакайып кетүүсүн тилейт.

Билим берүү жана илим министрлиги кырсыкка кабылгандарга Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте тиешелүү медициналык, моралдык ж.б. жардамдар көрсөтүлөрүн маалымдайт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар