Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МИНИСТР КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ ЖАНА БИРИНЧИ АЙЫМ АЙГҮЛ ЖАПАРОВА КАПИТАЛДЫК ОҢДОП-ТҮЗӨӨДӨН ӨТКӨН МЕКТЕПТИН АЧЫЛЫШЫНА КАТЫШТЫ

Көрүлдү: 1004

Бүгүн, 14-апрелде Ысык-Көл облусунун Түп районунун Байзак айылындагы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн Аалы Муканов атындагы №15 Санташ жалпы орто билим берүү мектеби пайдаланууга берилди.

post.title

Мектептин ачылышына Кыргыз Республикасынын Биринчи айымы Айгүл Жапарова, билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев ж.б. катышты.

Айгүл Жапарова аталган билим уясын бүтүргөн мезгил өлкө эгемендүүлүккө жетишкен жылдарга туура келерин билдирди.

“Мугалимдердин түйшүгү – абдан оор жана жоопкерчиликтүү. Өлкө башчыбыз мугалимдердин эмгек акысын баалап, алардын маянасын көбөйтүү ишин баштады”, - деди биринчи айым Айгүл Жапарова.

Министр Каныбек Иманалиев бул айыл Айкөл Манасты көргөн баталуу, ордолуу жер экендигин айтып, сөздүн атасы – Кусейин Карасаев, адабияттын атасы – Түгөлбай Сыдыкбеков, илимдин атасы – Курман-Гали Каракеев, азыркы мамлекет башчы– Садыр Жапаров чыккан жер деди.  

Эки кабаттан туруп, 320 окуучуга ылайыкталган мектептин жалпы аянты 2271 м.кв. Учурда мектепте 284 окуучу билим алып, 29 мугалим эмгектенет.

“Жылуулук сейсмикалык туруктуулук” долбоору аркылуу Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) жардамы менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн долбоордун сметалык баасы 39,5 млн сом.

Аталган орто мектептин имараты 1976-жылы курулган. 1995-жылы мектепке айылдык жана райондук кеңештин чечими менен кыргыз элинин белгилүү инсаны, чыгаан педагог Аалы Мукановдун ысымы берилген.

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар