Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ТАЛАС ОБЛУСУНУН МАНАС РАЙОНУНДА МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИ ИШКЕ БЕРИЛДИ

Көрүлдү: 711

Бүгүн, 2023-жылдын 14-апрелинде Талас облусунун Манас районунда эки мектепке чейинки билим берүү мекемеси ишке берилди.

post.title

Талас облусунун Манас районуна караштуу Кыргызстан айыл өкмөтүнүн Көк-Дөбө айылында эки кабаттан турган 100 орундуу “Ак шоола” муниципалдык бала бакчасы пайдаланууга берилди.

Бала бакчанын курулушуна жалпысынан 10 млн 220 миң 283 сом жумшалып, анын ичинен 8 млн 808 миң 583 сом түрткү берүүчү грант аркылуу капиталдык ремонтуна сарпталса, 1 млн 411 миң 700 сом "Манас" райондук өнүгүү фондунан бөлүнүп, эмеректер алынган.

Ал эми Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн Ак-Таш айылында 50 орундуу "Абдылдабек уулу Марат" атындагы муниципалдык бала бакча ачылып, долбоордун жалпы суммасы 5 млн 335 миң сомду түзөт. Анын ичинен капиталдык ремонтуна 4 млн 350 миң сом суммасындагы каражат "Талас" өнүктүрүү фондунан каржыланып, "Манас" райондук өнүгүү фондунан 985 миң сом каражат эмеректерине бөлүнгөн.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары К.Жанузакова, Манас райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Д.Жээнбеков, Манас райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы З.Маркашов, айыл өкмөт башчылары жана жергиликтүү тургундар катышты.

Салтанаттан соң иш-чаранын катышуучулары бала бакчанын айлана-чөйрөсүн көрктөндүрүү ишине өз салымдарын кошту.

Бала бакчаларда бардык шарттар түзүлүп, тийиштүү эмеректер, курал-жарактар жана оюнчуктар менен камсыздалган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар