Көрүлдү: 669
13-апрелде билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Пакистан Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Хасан Али Зайгам менен жолугушту.
Тараптар билим берүү жана илим жаатындагы кызматташтыкты талкуулашты. Атап айтканда, алар өз ара аракеттенүүнүн натыйжаларын жана жакынкы мезгилге карата пландарды карап чыгышты.