Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МИНИСТР КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ ЫСЫК-КӨЛ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ ЛЕКЦИЯ ОКУДУ

Көрүлдү: 755

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ишмердүүлүгү менен таанышып, аталган окуу жайдын студенттерине лекция окуду.

post.title

Каныбек Иманалиев студенттерге окуган лекциясында билимдин маанилүүлүгү, Кыргыз иденттүүлүгүндөгү Жети-Акенин орду жана тарыхка токтолду.

“Биз ааламдашкан доордо кыргыздын улуттук иденттүүлүгүн, жүзүн, образын кантип сактап калууну ойлонушубуз керек. Билимдүү эл гана нарктуу болот. Билим берген устаттарыңарды сыйлап, билим алууга умтулгула”, - деди министр.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар