Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МИНИСТР ЫСЫК-КӨЛ ИНДУСТРИАЛДЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИНЕ БАРДЫ

Көрүлдү: 762

Бүгүн, 13-апрелде билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжине барды.

post.title

Каныбек Иманалиев окутуучулар жана студенттер менен жолугушуп, колледждин окуу бөлмөлөрүн жана мейманканасын карап чыкты.

Белгилей кетсек, окуу жай 1979-жылы негизделген. Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжи Билим берүү жана илим министрлигинин “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен реконструкцияланган жана “Мейманканаларда жана туристтик комплекстерде тейлөөнү уюштуруу” адистиги боюнча студенттерди окутуу үчүн мейманкана ачылган.

Азыр колледжде 9 адистик, алардын ичинде “Мектепке чейинки билим берүү”, “Моделдөө, конструкциялоо жана тигүү буюмдарынын технологиясы”, “Компьютердик технологиялар жана автоматташтырылган системалар үчүн программалык камсыздоо” жана башка адистиктер боюнча даярдалат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар