Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ЖАНА ИЛИМДИ РЕФОРМАЛОО КОНЦЕПЦИЯСЫНЫН АЛКАГЫНДА МЕКТЕПТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН МИЛДЕТТЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ

Көрүлдү: 636

13-апрелде билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекованын төрагалыгы алдында реформалар концепциясынын алкагында мектептик билим берүүнүн милдеттерин талкуулоо үчүн кеңейтилген курамда кеңешме өттү.

post.title

Кеңешмеге министрликтин кызматкерлери, Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Назира Дюшеева жана билим берүү тармагындагы эксперттер катышты.

Катышуучулар Президенттик “Акылман” мектебин ачуу, STEM билим берүү, 2030-жылга карата 300 мамлекеттик мектепти эл аралык аккредитациялоо, “Электрондук мектепти” өнүктүрүү жана окуу процессин компьютерлештирүү ж.б. темаларды талкуулашты.

Эске салсак, 6-апрелде билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев билим берүү тармагын реформалоонун багыттары боюнча форумда 2030-жылга чейинки өнүгүү концепциясын сунуштаган.
 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар