Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
“ӨКМӨТТҮК АКСЕЛЕРАТОРЛОР” ПРОГРАММАСЫ: ЖУМУШЧУ ТОП ОКУТУУ ПРОГРАММАСЫН ТАЛКУУЛАДЫ

Көрүлдү: 3004

Бүгүн, 12-апрелде Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаеванын төрагалыгы алдында “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын “Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды кыскартуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу” долбоорун ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун кезектеги отуруму өттү.

post.title

Жыйынга билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Экономика жана коммерция министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Мамлекеттик салык кызматы, Бишкек шаарынын мэриясынын (Биринчи май жана Ленин райондук администрациялары) өкүлдөрү катышты.

Жумушчу топ мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүнү каалаган жеке жактарды окутуу маселелерин талкуулады. Жеке ишкер болууну жана мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүнү каалаган жарандар үчүн 18 сааттык окуу программасы иштелип чыгууда. Программанын алкагында мектепке чейинки билим берүүнүн негиздерин окутуу, коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүү, санитардык жана өрткө каршы талаптарды сактоо, ишкердикти жүргүзүү каралган.

СҮРӨТТӨР: https://www.facebook.com/bilimilimkg/posts/pfbid02A3n3xp1rw6N63F9kqsJLj5nEHT4rYDc9383wLd8YPChV1yeb2UonMm9mt6uxY9wCl 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар