Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БҮГҮН 1-КЛАССКА ЭЛЕКТРОНДУК КАТТОО БАШТАЛДЫ

Көрүлдү: 3651

“2023-2024 окуу жылына карата республика боюнча 1-класстар үчүн 186 миң 201 квота каралган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 20 миң квотага көп”, - деп билдирди билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева “Кабар” улуттук маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйында.

post.title

Бүгүн, 10-апрелде Билим берүү жана илим министрлиги “Кабар” улуттук маалымат агенттигинде 1-класска электрондук каттоонун башталышы, жазылуунун жол-жоболору жана жаңылануулар тууралуу маалымат жыйын өткөрүп, ага  билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева, министрликтин Санариптик трансформация бөлүмүнүн башчысы Нурлан Шаршенбай уулу, министрликтин Мектептик билим берүү жана китеп чыгаруу саясаты башкармалыгынын башчысы Кыялбек Акматов, ушул эле башкармалыктын жетектөөчү адиси Айнура Кусеинова жана Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Арстанбекова катышты.

Министрдин орун басары Токтобүбү Ашымбаева мектепке электрондук кабыл алуу эки этапта жүргүзүлө тургандыгын айтып, биринчи этап юридикалык жашаган жери боюнча 10-апрелден 25-июнга чейин созула тургандыгын билдирди.

“Бүгүн саат 9:00дө юридикалык жашаган жери боюнча 1-класска мектепке электрондук каттоонун биринчи этабы башталды. Биринчи этапта тургундар жашаган жери боюнча (10-апрелден 25-июнга чейин), экинчи этапта дарегине карабай (26-июндан 31-августка чейин) каттоого тура алат. Быйыл 1-класска 2016-жылы төрөлгөн балдар барат. Буга байланыштуу каттоого 2016-жылы төрөлгөн балдар турууга тийиш”, - деди Ашымбаева.

Токтобүбү Ашымбаеванын айтымында, мектепке электрондук каттоодо мыйзамдуу жеңилдикке (артыкчылыкка) ээ болгон жарандар бар.

Алар:

  • Аскер кызматкерлеринин балдары;
  • Кайрылман статусу бар этникалык кыргыздар;
  • Үстүбүздөгү жылдын сентябрына карата бир жылдан кем эмес мектепте иштеген мугалимдердин жана штаттык кызматкерлердин балдарына.

Аталган жарандар аскер кызматында, мектепте иштегенин жана кайрылман статусу бар экендигин тастыктаган маалыматкатты тиркөөгө тийиш.

Бүгүнтөн тарта жарандарга кеңеш берүү үчүн акысыз чалуу борбору (110 телефону) иштей баштады. Чалуу борбору дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 9:00дөн 18:00гө дейре чалууларды кабыл алат.

Электрондук каттоо боюнча биринчи класска өтүнмө берүү үчүн, уюлдук телефон же компьютер аркылуу интернетке кирүү керек. https://mektep.edu.gov.kg/  порталын ачып, башкы беттеги көрсөтмөлөрдү аткаруу зарыл. Сиздин суроолорго жооптор жана нускамалар порталдын башкы бетинде бар.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар