Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
КЫРГЫЗСТАНДА “БИЗ - XXI КЫЛЫМДЫН ИНТЕЛЛЕКТУАЛДАРЫ” ФОРУМУНУН ОБЛАСТТЫК ЭТАБЫ АЯКТАДЫ

Көрүлдү: 651

Кыргызстандын жаш ойлоп табуучуларынын арасында «Биз - XXI кылымдын интеллектуалдары» эл аралык форумунун областтык этабы 23-марттан 6-апрель аралыгында өлкөбүздүн ар бир аймагында болуп өттү. Ага Кыргыз Республикасынын бардык областтарынан окуучулар жана студенттер болуп, 400дөн ашуун адам катышты. Областтык турдун жеңүүчүлөрү өздөрүнүн аймагынын атынан Бишкек шаарында өтө турган финалдык этапта катыша алышат.

post.title

«Биз  - XXI кылымдын интеллектуалдары» эл аралык форуму – бул КР Билим берүү жана илим министрлиги менен “Алтын түйүн” Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясы жыл сайын Кыргызстандын окуучулары жана студенттеринин техникалык билимдери жана чыгармачылыгын өнүктүрүү үчүн өткөргөн  иш-чара. Анын тарыхы  1998-жылы башталган, ал эми  2023-жылдын апрель айында форум өзүнүн 25 жылдык мааракесин белгилейт.

Бул иш-чаранын актуалдуулугу жыл өткөн сайын артууда, себеби ал экономиканын өнүгүүсү үчүн маанилүү багыттар боюнча өтүп келет: робототехника, айыл чарбасындагы инновациялар,  прибор жасоо, энергия үнөмдөө жана IT-технологиялар.

Анын билим берүү сапатын жогорулатуудагы, долбоордук, изилдөөчүлүк жана ойлоп табуучулукту өнүктүрүүдөгү ролун, ошондой эле өлкөбүздүн социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн чечүүдө жаштардын практикалык жактан катышуусун жогору баалап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү  «Биз  - XXI кылымдын интеллектуалдары» эл аралык форумунун жеңүүчүлөрү жана байге ээлерин окуучулардын республикалык предметтик олимпиадаларынын жеңүүчүлөрү менен байге ээлерине берилүүчү жеңилдиктерди дагы берүүнү, алардын статусуна теңештирүү чечимин чыгарган. Ушундан улам, өлкөбүздүн жаш техниктери Кыргызстандын жана Россия Федерациясынын мыкты жогорку окуу жайларына техникалык багыттарга бюджеттик негизде окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Бул жылы мааракелик «Биз  - XXI кылымдын интеллектуалдары» эл аралык форуму Бишкек шаарында 25-28-апрель аралыгында өтөт.  Ага  Кыргыз Республикасынын бардык областтарынан, Россия Федерациясынан, Беларусь Республикасынан,Казакстандан, Өзбекстандан, Армян Республикасынан, Азербайджан, Түркия жана Индиядан жаш ойлоп табуучулар келип катышат. Долбоорлор алты: «Жаңы теориялык иштелмелер жана  моделдер», «Робототехника жана автоматташтырылган технологиялар», «Приборлор, радио жабдуулар жана  телекоммуникациялык системалар», «Энергия жана энергия үнөмдөөчү технологиялар», «Дубалга илинүүчү моделдер», «Маалыматтык технологиялар жана программалоо»  номинациялары боюнча корголот.

Форумдун салтанаттуу ачылышы 25-апрелде  №1 «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында өтөт.

СҮРӨТТӨР: https://www.facebook.com/bilimilimkg/posts/pfbid02ZNn8vFb7Tvr8mU4eghsszbznKBg3JeFcCVi74jsjRk7qswuR9iKfjtPkcNM8NbHml

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар